Akchabarsearch
Креативдүү индустриялар паркы президенттен Кыргызстанда TikTok’ту ачып берүүнү өтүндү

Жарыяланган

2026-29-05, 17:03

Креативдүү индустриялар паркы президенттен Кыргызстанда TikTok’ту ачып берүүнү өтүндү

Кыргызстандагы Креативдүү индустриялар паркы, Креативдүү индустриялар ассоциациясы жана санариптик коомчулуктун өкүлдөрү президентке кайрылып, өлкөдө TikTok’ту бөгөттөөнү кайра карап чыгууну өтүнүштү.

Алардын айтымында, креативдүү экономика дүйнөдө тез өсүп жаткан тармактардын бири. Санариптик платформалар жаштарга жана чыгармачыл адамдарга киреше табууга, жумуш орундарын түзүүгө жана кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууга жардам берет.

Кайрылууда Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экени белгиленген.

Демилгечилер TikTok’ту ачуу санариптик экономиканы өнүктүрүп, жаштардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, Кыргызстандын дүйнөлүк креативдүү мейкиндиктеги ордун күчөтөрүн белгилешти.

 


Тектеш материалды окуу