Akchabarsearch
Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салгандардын саны 247 миңден ашты

Жарыяланган

2026-10-04, 18:00

Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салгандардын саны 247 миңден ашты

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан 10-апрелге чейин 247 миң 694 адам “Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө-өзү кредит алууга тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Бул көрсөткүч 6-апрелде  243.6 миң болчу. Акыркы төрт күн аралыгында дагы 4 миңге жакын адам кошулду.

Кимдир бирөө сиздин атыңызга онлайн насыя алып коюшу мүмкүн деген кооптонуу болсо, жаран өзүнө насыя берүүгө тыюу сала алат. Тыюу коюлгандан кийин банктар ошол адамдын атына кредит бере албайт.

Былтыр ноябрь айынан тарта мындай тыюуну “Түндүк” тиркемеси аркылуу кылып коюуга шарт түзүлгөн.
 


Тектеш материалды окуу