Akchabarsearch
Кумарканалар бюджетке 274 млн сом салык төктү

Жарыяланган

2026-26-06, 10:07

Кумарканалар бюджетке 274 млн сом салык төктү

Быйыл январь-май айларында өлкө бюджетине кумарканалардан 274 млн сомдон ашык салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат. 

Акчанын көбүн же 261.1 млн сомдц казинолор төлөгөн. 

Дагы 8.5 млн сомдон ашык акча оюн автоматтарынан, 2.5 млн сом букмекердик жайлар менен тотализаторлордон жана 1.9 млн сом электрондук (онлайн) кумарканалардан түшкөн.

Былтыр беш айда болсо өлкөдөгү кумарканалар бюджетке 171.5 млн сомдой салык төккөн. 2025-жылдын беш айына караганда быйылкысында 102.5 млн сомго көбүрөөк салык түшкөн. 


Тектеш материалды окуу