Akchabarsearch
"Кумтөр" Петров көлүнөн пайдаланган суу үчүн 203 миллион сомдон ашык төлөдү

Жарыяланган

2026-20-02, 17:01

"Кумтөр" Петров көлүнөн пайдаланган суу үчүн 203 миллион сомдон ашык төлөдү

«Кумтөр Голд Компани» өткөн жылдын 10 айында Петров көлүнүн суусун пайдаланганы үчүн бюджетке 203 млн 328.8 миң сом төлөгөн. Бул тууралуу компаниянын отчетунда маалымдалган.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейин ишкана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн 2 млн 33 миң 288 куб метр суу пайдаланган. Төлөмдөр Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомуна ылайык эсептелген.

Компания белгилегендей, сууну пайдалануу боюнча экологиялык көзөмөл негизги иш багыттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле карьерден алтынды бөлүп алуу фабрикасына сууну этап-этабы менен көбөйтүп берүү долбоору ишке ашырылууда. Бул чара Петров көлүнөн алынуучу суунун көлөмүн азайтууга багытталган.

Кызыгы, буга чейин кен канадалык тарап тарабынан башкарылып турган мезгилде (2021-жылдын май айына чейин) көлдүн суусун пайдалануу үчүн төлөм алынган эмес. Мисалы, 2015-жылы расмий маалыматтар боюнча кен 5.5 млн куб метрден ашык көл суусун пайдаланган.
 


Тектеш материалды окуу