Akchabarsearch
Куршаб айыл аймагына 13 млн сомго  таштанды төгүүчү жай курулат

Жарыяланган

2026-05-02, 18:09

Куршаб айыл аймагына 13 млн сомго таштанды төгүүчү жай курулат

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл аймагына таштанды таштоочу жай куруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка ылайык, таштанды таштоочу жайды курууга 13 млн 411.2 миң сом каралган.

Тендер боюнча арыздар 20-февралга чейин кабыл алынат. Курулуш иштери келишим түзүлгөндөн кийин 90 күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.
 


Тектеш материалды окуу