Akchabarsearch
Курулуш министринин орун басары 500 миң сом айлыкты кимдер ала турганын айтты

Жарыяланган

2026-03-02, 11:43

Курулуш министринин орун басары 500 миң сом айлыкты кимдер ала турганын айтты

Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу 500 миң сом айлыкты архитекторлор жана технологдор гана ала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-февралда, Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Министрдин орун басары эмнеге алар 500 миң сом айлык аларын түшүндүрдү.

“Эгер 5 жыл жогорку окуу жайда окусак, архитекторлор 6–7 жыл окушат. Долбоорду чийгенде алар 15 доллардан 20 долларга чейин акча алышат. 1 миң, 2 миң чарчы метрди 20 долларга көбөйтсөк канча акча кетет? Мурда долбоорлорду жеке секторлор чийип келген. Депутаттар “өзүңөр чийгиле” деген талапты койгондон кийин департамент түзүлүп, күчтүү архитекторлорду алып келгенбиз. Көчөдөгү рынок менен алардын айлыгын кармаш үчүн ушундай кырдаалга келип жатат. Мисалы, Нурлан Чороев 477 миң сом айлык алган. Ал 4 823 гектар жерди топографиялык съемка кылган. Мындай ишти баары эле биле бербейт. Министрликтин баары 500 миң сом албайт. Архитекторлор менен технологдор гана алат. Технологдор саламаттыкты сактоо тармагындагы имараттарды салууда керек. Кыргызстанда болгону 8 гана технолог бар”, — деп билдирди ал.

Ошону менен катар эле Талант Иманакун уулу 45 киши Финансы министрлигинен айлык ала турганын кошумчалады. 

“2 миң 236 кызматкер мамлекеттен бир да сом албайт. Мисалы, мен министрдин орун басары катары 64 миң сом айлык алам. Министрликтеги адистер 45 миң сом айлык алышат”, — деди Иманакун уулу.


Тектеш материалды окуу