Akchabarsearch
Курулуш министрлиги Нарындагы бала бакчада 2.6 млн сомго салынган тепкичти текшерди

Жарыяланган

2026-01-10, 18:03

Курулуш министрлиги Нарындагы бала бакчада 2.6 млн сомго салынган тепкичти текшерди

Курулуш министрлигинин кызматкерлери Нараны шаарындагы “Ак-Дил” бала бакчасында 2.6 млн сомго салынган тепкичтин курулушун текшерди. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, башында тепкич 2 млн 754.7 миң сомго салынат деп эсептелген. Бирок Нарын шаардык мэриясы “Нарын ПромСтрой” компаниясы менен тепкичти 2 млн 641.2 миң сомго салуу тууралуу келишим түзгөн.

Текшерүү учурунда кемчиликтер аныкталып, министрлик мэрия менен тепкичти салган “Нарын ПромСтрой” компаниясына жазма эскертүү берген.

Возможно, это изображение скейтборд

Ошондой эле курулушта аныкталган жагдайларга байланыштуу министрлик президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн аппаратына  курулушка акча бөлүнүү токтотуу жөнүндө кат жөнөткөн.

"Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан курулуш иштеринин белгиленген талаптарга ылайык аткарылышы жана сапаты көзөмөлгө алынды",  деп айтылат маалыматта. 


Тектеш материалды окуу