
Жарыяланган
2026-30-06, 13:39Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде көп функциялуу 16 кабаттан турган окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу университеттин ректору Догдурбек Чонтоев билдирди.
Жаңы имараттын жалпы аянты 16 миң 500 чарчы метрди түзөт. Долбоордо жер алдындагы унаа токтотуучу жай, ошондой эле окуу, административдик жана жашоо үчүн атайын бөлүмдөр каралган.
Курулуш президенттин стабилизациялык фондунун 70% жана университеттин өз каражаттарынын 30% эсебинен каржыланууда. Объектти жыл аягына чейин бүтүрүү пландалган, бирок подрядчылар аны ноябрдын башында эле толук даяр кылып тапшырууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдиришти.
Имарат 16 кабаттан турат. Анын ичинде 24 саат иштеген китепкана, коворкингдер, лекциялык залдар, эс алуу зонасы, фитнес-борбор, медициналык бөлүм жана 50 орундуу балдар бакчасы жайгашат.
Ошондой эле 7чи кабаттан 16чы кабатка чейин 560 орундуу жатакана жайгашат. Ал эми жогорку кабаттарда конок окутуучулар үчүн мейманкана жана чатырында медиа жана көргөзмө аянтча каралган.
Китепкана алгач студенттер үчүн гана ачылат, кийинчерээк баарына жеткиликтүү кылуу пландалууда.
Жаңы комплекс бир имараттын ичинде окуу, илим жана жашоо шарттарын бириктирген борбор катары иштейт.
