Akchabarsearch
    «Касперский лабораториясы» Кыргызстанда IT-адистерди даярдоого жардам берет

    Жарыяланган

    2025-14-08, 11:39

    «Касперский лабораториясы» Кыргызстанда IT-адистерди даярдоого жардам берет

    Кыргызстанда IT-тармагында иштеген адистерге болгон суроо-талап көп, бирок алардын саны жетишсиз. Ошондуктан ишин билген IT-кадрларды даярдоо башкы милдет болуп саналат. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жыйынында «Касперский лабораториясынын» вице-президенти Юлия Шлычкова билдирди.

    Анын айтымында, учурда компания Кыргызстандагы окуу жайлар менен кызматташып жатат жана IT-адистерди даярдоо боюнча программаларды баштоо үчүн Кыргыз-Россия Славян университети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 

    «Кандай коркунучтар бар экенин билбей туруп санариптик көз карандысыздыкты камсыз кылуу мүмкүн эмес. Биз киберчабуулдардын жана киберкоркунучтардын алдын алуу боюнча борборлорду түзүү боюнча өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз», — деди Шлычкова. 

    Ал билдиргендей, киберкоопсуздук канчалык маанилүү экенин бала кезден түшүндүрүү керек. 

    «Санариптик сабаттуулук жана маалыматтарды коргоо тууралуу мектептен тарта түшүндүрүү керек», — деди ал.


    Тектеш материалды окуу

    • «Касперский лабораториясы» Кыргызстанда IT-адистерди даярдоого жардам берет

      Кыргызстанда IT-тармагында иштеген адистерге болгон суроо-талап көп, бирок алардын саны жетишсиз. Ошондуктан ишин билген IT-кадрларды даярдоо башкы милдет болуп саналат. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жыйынында «Касперский лабораториясынын» вице-президенти Юлия Шлычкова билдирди.
      2025-14-08 05:39:08