Akchabarsearch
Ленин районундагы мектептер менен бала бакчаларга видеокөзөмөл орнотулат
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-03-09, 12:21

Ленин районундагы мектептер менен бала бакчаларга видеокөзөмөл орнотулат

Ленин районундагы 62 мектепке жана бала бакчага видеокөзөмөл системасын орнотуу пландалууда. Бул долбоор Кыргызстандын Стабилдештирүү фондунун эсебинен каржыланып, жалпы баасы 11.6 млн сомду түзөт.

Сатып алуу шарттарына ылайык, подрядчы жабдууларды жеткирип, камераларды орнотуп жана аларды «Коопсуз шаар» системасына туташтырууга милдеттүү. Бардык иштер келишимге кол коюлгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.

Келишимдин суммасы бардык салыктарды, орнотуу жана жеткирүү чыгымдарын камтыйт. Жаңы система район аймагындагы билим берүү мекемелеринде коопсуздукту жогорулатууга багытталган.
 


Тектеш материалды окуу