
Жарыяланган
2026-19-03, 12:22Кыргызстанда 2026-жылдан тарта 773 айылга таза суу жеткирүү долбоорлору ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда долбоорлор ар кандай баскычтарда жүрүүдө. 120 айылда курулуш-монтаждоо иштери аткарылып жатса, 229 айыл боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалууда. Ал эми 27 айылда курулуш иштерине тендер өткөрүү процесси жүрүп жатат.
Мындан тышкары, 219 айылда долбоорлоо үчүн керектүү документтер топтолууда, алардын ичинен 95 айыл боюнча бардык иш кагаздар толук даяр болгон. Ошондой эле 177 айылда техникалык-экономикалык негиздемелер иштелип чыгууда.
Бул демилге өлкө боюнча калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.

