Өлкө боюнча жазгы жер айдоо пландарынын 15,7%ы аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жалпы жазгы жер айдоо планы 1 миң 250 гектарды түзөт, жана учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, пландын 15,7%ы ишке ашты. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп.
Облустар боюнча айдоо иштери:
- Баткен облусу: Пландын 36,5%ы (24,5 миң гектар) аткарылды — эң жогорку көрсөткүч
- Чүй облусу: 107,0 миң гектар айдалып, 25,8%
- Ош облусу: 43,8 миң гектар айдалып, 24,2%
- Жалал-Абад облусу: 11%
- Ысык-Көл облусу: 1,5%
- Талас облусу: 0,3%
- Нарын облусу: Айдоо иштери али баштала элек
Жаздык дан өсүмдүктөрүн себүү:
- Жалпы себүү планы: 519,3 миң гектар
- Себилген жер: 115,6 миң гектар (22,3%)
- Буудай: 34,6 миң гектар (34,9% аткарылды)
- Арпа: 80,5 миң гектар (32,6%)
- Жүгөрү: Иштери али башталбаган
- Башка айыл чарба өсүмдүктөрү:
- Картошка себүү планы: 66,4 миң гектар, учурда 2,7 миң гектар (4,1%) себилди
- Жашылча өсүмдүктөрү: 0,1 миң гектар
- Күрүч: 0,005 миң гектар
- Кант кызылчасы: 0,4 миң гектар (2,76%) Чүй облусунда негизинен жүргүзүлүүдө