
Жарыяланган
2025-17-11, 13:57Өлкөдөгү 600 айыл таза суу программасына киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 119 айылда таза суу жеткирүү боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Ошону менен катар эле сугат суу тармагында да кеңири иштер жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта 14 суу чарба объектинде курулуш жүрүүдө, дагы 18 объект боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат.
2026-жылга чейин 55 ирригациялык объектти – насос станцияларын, каналдарды, БСР жана БДР куруу пландаштырылууда. Министрлик бул иш-чаралар айыл чарбасын өнүктүрүүгө, дыйкандардын эмгегин жеңилдетүүгө жана суу тартыштыгын азайтууга багытталганын кошумчалады.
