
Жарыяланган
2025-02-12, 09:49Президент Садыр Жапаров бир катар кадрларды алмаштырды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Каныбек Досмамбетов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетип, бул кызматка Азамат Осмонов келди.
Ошондой эле Азамат Апсатаров президенттин жардамчысы кызмат ордунан бошотулуп, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болду.
Бактыбек Бекболотов Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду. УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков кызматынан алынып, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
Марат Иманкулов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Арслан Койчиев Мамлекеттик катчы болду.
Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалды.
Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
