Akchabarsearch
Өлкөдө ичимдик чыгаргандар 2 млрд сом акциз салыгын төлөдү

Жарыяланган

2025-14-08, 10:13

Өлкөдө ичимдик чыгаргандар 2 млрд сом акциз салыгын төлөдү

Быйыл январь-июль айларында өлкөдө чыгарылган ичимдиктерден 2 млрд 36 млн сом акциз салыгы чогултулду. Былтыркы жылдын жети айына караганда ал 10 млн сомго көп. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Ошондой эле жети айда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон алкоголдук ичимдиктерден түшкөн акциздик салык 426 млн сомду түзгөн. 2024-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу ал 98 млн сомго көп.

Ал эми 2024-жылы өлкөдө чыгарылган жана ЕАЭБден импорттолгон ичимдиктерден түшкөн акциз салыгынын жалпы суммасы 4 млрд 302 млн сомду түзүп, 2023-жылга караганда 372 млн сомго көп болгон. 

 


Тектеш материалды окуу