Akchabarsearch
Өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны 36 миңден ашты

Жарыяланган

2025-02-12, 16:56

Өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны 36 миңден ашты

Кыргызстанда 24-ноябрдан 30-ноябрга чейинки бир жумада сасык тумоо менен ооругандардын саны 36 миңден ашты. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева УТРКга билдирди.

Анын айтымында, мурдагы жумага салыштырмалуу ооругандардын саны эки эсеге өстү. Оору жуккандардын 70 пайыздан ашыгы 14 жашка чейинки балдар.

Динара Оторбаева Бишкек шаарында 25ке жакын, Ысык-Ата районунда 30дан ашык бала бакча карантинге байланыштуу жабылганын айтты. Ош шаарында беш мектеп жабылып, дагы айрым мектептер онлайн окууга өттү.


Тектеш материалды окуу

  • Өлкөнүн ашууларында жол ачык

    Бүгүн, 31-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
    2025-31-12 09:30:37
  • Өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны 36 миңден ашты

    Кыргызстанда 24-ноябрдан 30-ноябрга чейинки бир жумада сасык тумоо менен ооругандардын саны 36 миңден ашты. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева УТРКга билдирди.
    2025-02-12 10:56:48