Akchabarsearch
Өлкөдөгү ашууларда жолдор ачык, чектөөлөр жок

Жарыяланган

2026-27-01, 12:59

Өлкөдөгү ашууларда жолдор ачык, чектөөлөр жок

Бүгүн, 27- январьда эл аралык жана жергиликтүү маанидеги автожолдордо, ашууларда жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. 

Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында себелеп кар жаап жатат. Аталган жолдорду тейлеген Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ. 

Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек-Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп –Кеген жолунда жол ачык, каттам бар. 

Министрлик алдындагы Жол тейлɵɵ ишканаларынын жолчулары тарабынан жалпы пайдалануудагы авто жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда. 


Тектеш материалды окуу