akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-05-05, 13:34

    Өлкөдөгү кумарканалар быйыл үч айда бюджетке канча салык төлөгөнү белгилүү болду

    Быйыл январь-март айларында кумарканалар өлкө бюджетине салык катары 108 млн 609,4 миң сом төктү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат. 

    Аталган суммасынын 105 млн сому казинолордон, 975 миң сому оюн автоматтарынан, 2,5 млн сому букмекердик жайлардан жана тотализаторлордон, ошондой эле 134,4 миң сому электрондук (онлайн) кумарканалардан түшкөн.

    Былтыркы жылдын үч айы менен салыштырганда кумарканалардан түшкөн акча 2 эсе көбөйдү. Былтыр январь-март айларында алар бюджетке 53 млн 912,5 миң сом төлөгөн. 


    Тектеш материалды окуу