Akchabarsearch
Өлкөгө 7,6 тонна курманы мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Жарыяланган

2026-09-03, 11:25

Өлкөгө 7,6 тонна курманы мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Өлкөгө кургатылган жемиштердин ири партиясынын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти.

Рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө Казакстандан келген жүк ташуучу унаалардын бирин текшерүү учурунда эсепке алынбаган товарлар — жалпы салмагы 7 миң 600 кг болгон курма жемиши аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүштү.

Чогултулган материалдардын негизинде камералдык салыктык текшерүүлөр жүргүзүлөт.


Тектеш материалды окуу