
Жарыяланган
2025-11-11, 15:26Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аэропортунда Россиядан келген жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүн текшерүү учурунда тийиштүү коштомо документтери жок 451 даана (47 килограмм) норка териси табылды.
Бул боюнча мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
