
Жарыяланган
2025-14-11, 16:14Өлкөнүн ИДПсы былтыркыга салыштырмалуу 10 %га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Алдын ала маалыматка караганда, январь-октябрда өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 трлн 427,4 млрд сомду түздү.
Ички дүң продукциясынын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 11,3%га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 8,8 %га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,8 %га жогорулады.
Ички дүң продукциянын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,6%) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди. Бул өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн.
Ал эми товар өндүрүү тармактарынын үлүшү, тескерисинче, 1,8 пайыздык пунктка жогорулап, 35,4%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү – 1,0 пайыздык пунктка өскөн. Айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,4 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.
