
Жарыяланган
2026-04-02, 17:00“Мамлекеттик” тарифи – бул ар бирибиз үчүн күнүмдүк кызматы маанилүү болгон адамдар үчүн MEGA мамлекеттик байланыш операторунун атайын сунушу.
Өлкөгө кызмат кылгандар – мугалимдер жана дарыгерлер, аскер кызматкерлери жана куткаруучулар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн MEGA үнөмдүү жана ыңгайлуу чечимди сунуштайт.
“Мамлекеттик” тарифи – айына болгону 250 сомго максималдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
• Жумуш үчүн жана жеке колдонуу үчүн 40 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернет
• Чектөөсүз акысыз Wi-Fi таратуу
• Башка операторлорго чалууларга 20 мүнөт
• MEGA тармагынын ичинде чектөөсүз чалуулар жана SMS
• Талыктырган узак күндөн кийин эс алуу үчүн 50 телеканал
Кошулуу жөнөкөй жана ыңгайлуу:
• MEGA24 мобилдик колдонмосунда
• MEGA Сатуу жана тейлөө борборлорунда
• Компаниянын расмий промоутерлери аркылуу
Көңүл буруңуз: ар бир мамлекеттик кызматкер тарифти бир гана номерге кошо алат.
MEGA өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн күн сайын эмгектенгендер үчүн жеткиликтүү жана ишенимдүү сервистерди ырааттуу өнүктүрүп, чындап маанилүү болгон жерлерде туруктуу байланышты камсыздоодо.
MEGA – элге кызмат кылгандардын баарына ыраазычылык билдирет!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР
