Akchabarsearch
Маданият мекемелерине 117 кызматтык унаа берилди
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-17-03, 16:40

Маданият мекемелерине 117 кызматтык унаа берилди

Бүгүн Бишкекте Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу мекемелерге 117 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Унаалар ата мекендик өндүрүштөн 176.9 млн сомго сатып алынган.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары маданият тармагын каржылоо көбөйүүдө. Мисалы, 2021-жылы бюджет 2.8 млрд сом болсо, 2025-жылы 6.9 млрд сомго жеткен. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көпчүлүк маданият мекемелериндеги унаалар эскирип калганын айтып, жаңы унаалар кызматкерлердин ишин жеңилдетерин белгиледи.

Ошондой эле ал алдыда каржылоо дагы көбөйөрүн айтып, маданият мекемелерин өз кирешесин да көбөйтүүгө чакырды.

 


Тектеш материалды окуу