
Жарыяланган
2026-23-10, 12:192027-жылы Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүү үчүн атайын план даярдалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров шаардын өнүгүү көрсөткүчтөрү менен таанышкан учурда белгилүү болду.
Планга ылайык, шаардагы жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 585 млн сом, туризмди, анын ичинде экотуризмди өнүктүрүүгө 215 млн сом бөлүү каралууда.
Мындан тышкары, шаарды жашылдандырууга жана коопсуздугун жакшыртууга 125 млн сом, ал эми тарыхый имараттарды сактоого жана шаардын көркүн жакшыртууга 75 млн сом бөлүү пландалууда.
