Жарыяланган
2025-06-05, 11:50Майнинг компаниялар (криптовалюта өндүргөн) быйыл үч айда майнингге салык катары бюджетке 20 млн 987 миң сом салык төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Аталган компаниялардан январь менен февралда казынага 13.9 млн сом, мартта 7 млн сомдон ашык акча түшкөн.
Ал эми 2024-жылдын январь-март айында майнинг ишканалар бюджетке 15 млн 883.4 миң төккөн.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда майнингге салык 2022-жылы киргизилген.