
Жарыяланган
2026-22-07, 10:51«Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК 2026-жылдагы финансылык отчетту текшерүү үчүн көз карандысыз аудиттик компаниянын кызматына 1.38 млн сом жумшайт.
Мындай чечимди компаниянын жалгыз акционери 2026-жылдын 26-июнунда кабыл алды.
Милдеттүү аудит жүргүзүү үчүн «Нэксия КэйДжи» ЖЧКсы тандалды. Анын кызмат көрсөтүү баасы бардык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү кошкондо 1.38 млн сомду түзөт.
Аудит «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКнын 2026-жылдагы финансылык отчетун камтыйт.
