
Жарыяланган
2026-04-03, 12:31Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин кызматкерлеринин саны эки эселеп кыскарбай турганын айтты. Бул тууралуу ал “Акчабарга” берген маегинде билдирди.
Ал адам баласынын ордун жасалма интеллект ээлей албай турганын белгиледи.
“Санариптештирүүнүн алкагында, албетте, кыскаруулар болушу мүмкүн. Анткени көп нерсени жасалма интеллект аркылуу карайбыз. Көп иштерди адамдын ордуна жасалма интеллект аткарсын деп жатабыз. Бул — замандын талабы. Бирок кызматкерлердин саны эки эсе кыскартылат деген сөздөрдөн алыспыз. Адам баласынын ордун жасалма интеллект ээлей албайт”, — деди Маматалиев.

