
Жарыяланган
2026-05-02, 15:43Карта издеп убара болууну, байланыш көйгөйлөрүн жана акча кайтарууну күтүүнү унутуңуз. MPay’дин эң чоң артыкчылыгы — интернет таптакыр жок болсо да же капчыгыңыз жаныңызда болбосо да MKassa POS-терминалдары аркылуу бир тийүү менен төлөө мүмкүнчүлүгү.
Бул кадимки карта менен төлөгөндөн жана QR-төлөмдөн да ылдамыраак.
MPay аркылуу кантип төлөө керек?
Смартфонуңузду жакындатыңыз
MBANK колдонмосун ачып, телефонуңузду MKassa терминалына жакындатыңыз.
Төлөм үчүн колдонмого кирүүнүн кереги жок жана MPay баскычын басуу да талап кылынбайт.
Бардык жерде иштейт
Функция Android жана iOS смартфондорунда жеткиликтүү жана интернет жок учурда да иштей берет!
Эгер MPay иштебей калса:
— MBANK колдонмосу акыркы версияга чейин жаңыртылганын текшериңиз
— Смартфонуңузда Bluetooth’ту күйгүзүп, MBANK колдонмосуна ага жетүүгө уруксат бериңиз
Номурсуз жана реквизитсиз которуулар
MPay төлөмдөрдү гана эмес, жакындарыңыз менен эсептешүүнү да жеңилдетет.
Түшкү тамак үчүн акча жөнөтүү керекпи же досуңузга карыз кайтаруу керекпи?
Алуучу менен бирге MBANK колдонмосун ачып, MPay баскычын басыңыз — колдонмо жакын жердеги колдонуучуларды дароо көрсөтөт.
Карта номуру, телефон жазуу же QR сканерлөөнүн кереги жок.
MPay’ди бүгүндөн калбай колдонуп көрүңүз — интернеттин жоктугу эми сатып алууларга тоскоол болбойт!
MPay — смартфондон бир баскыч менен төлөңүз!
Толугураак: mbank.kg
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №14 лицензиясы



