
Жарыяланган
2026-23-07, 12:41Жай – саякаттын, жаңы таасирлердин жана унутулгус ачылыштардын мезгили. MEGA улуттук байланыш оператору Кыргызстандан тышкары жүргөндө да ашыкча түйшүксүз байланышта болууга мүмкүнчүлүк берген ыңгайлуу жана үнөмдүү роуминг шарттарын сунуштайт.
Эми MEGA абоненттери үчүн эл аралык роумингде 5G тармагын колдонуу мүмкүнчүлүгү да жеткиликтүү. Эгер сиз барган өлкөдөгү өнөктөш оператор бешинчи муундагы тармакты колдосо, SIM-картаны алмаштырбастан жана кошумча жөндөөлөрдү киргизбестен жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттен пайдалана аласыз.
«Роуминг» кызматы акысыз кошулат. Аны активдештирүү үчүн балансыңызда кеминде 1 сом болгону жетиштүү.
Роуминг кызматын MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу бир нече мүнөттө кошуп алууга болот:
1. MegaPay колдонмосун ачыңыз (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);
2. «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз;
3. «Кошулган кызматтар» → «Роуминг» өтмөгүн тандаңыз;
4. Кызмат көрсөтүүнүн шарттары менен таанышып, «Кошуу» баскычын басыңыз.
Колдонуучулар үчүн 75тен ашык өлкөдө иштей турган атайын интернет-топтомдор да сунушталат:
• 1 ГБ — 900 сом (USSD-буйруусу: *108*1#);
• 2 ГБ — 1500 сом (USSD- буйруусу: *108*2#);
• 5 ГБ — 2500 сом (USSD- буйруусу: *108*5#).
Сапарга чыгар алдында бара турган өлкөдө роуминг кызматын көрсөтүүнүн шарттары менен алдын ала таанышып, өзүңүзгө ылайыктуу мобилдик интернет-топтомду тандоо сунушталат.
Саякатыңыз коңшу өлкөгө болобу же дүйнөнүн башка бурчуна болобу — MEGA менен бирге жакындарыңыз менен дайыма байланышта болуп, таасирлериңизди бөлүшүп жана көнүп калган санариптик сервистерди эч кандай чектөөсүз колдоно аласыз.
MEGA — ӨЗҮБҮЗДҮН байланышты танда!
КР МБА лицензиялары: № 14-1133-КР, № 18-0326-КР, № 18-0303-КР, № 15-1446-КР, № 16-0090-КР, № 18-0261-КР.



