Akchabarsearch
    MEGA келечекке кошулду: оператор KIT FORUM 2025тин өнөктөшү болуп калды
    Сүрөт алынган жер: MEGA

    Жарыяланган

    2025-30-05, 14:43

    MEGA келечекке кошулду: оператор KIT FORUM 2025тин өнөктөшү болуп калды

    29-30-майда Кыргызстандын борбору санариптик трансформациялардын очогуна айланды. Бул күндөрү Бишкекте KIT FORUM 2025 эл аралык форуму болуп өттү, ага 2000ден ашык адам катышты. MEGA мамлекеттик байланыш оператору иш-чаранын өнөктөшү катары чыгып, өлкөнүн санариптик келечегинде өзүнүн негизги ролун баса белгиледи.

    Форумга 20дан ашык өлкөдөн келген алдыңкы IT-эксперттер, эл аралык компаниялардын өкүлдөрү, стартаптар, инвесторлор жана делегациялар катышты. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин колдоосу менен уюштурулган иш-чара технологиялардын жана маалыматтардын келечеги тууралуу кеӊири талкуулоо аянтчасына айланды.

    Жылдын темасы - «AIды жайылт» - бүткүл форумга кубат берди. Башкы көӊүл: негизги багыттарда – бизнес-процесстерден баштап шаардык инфраструктурага жана билим берүүгө чейин жасалма интеллектти реалдуу колдонууга бурулду. Бүгүнкү күндө AI – жөн гана тренд эмес, бул прогресстин кыймылдаткычы.

    Ошондой эле, KIT EXPO иш-чарасынын маанилүү окуяларынын бири— жогорку технологиялык чечимдердин көргөзмөсү болду. Бул жерде көрүүчүлөр «келечекти кол менен кармап» көрө алышты: ЖИ адаттагы сервистерди кандайча өзгөртүп жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кантип түзүп жатканын көрүштү.

    Өзгөчө көңүл инновациялык санариптик өнүмдөр көрсөтүлгөн MegaPay тактасына бурулду. Өз кезегинде, коноктор бизнес жана мамлекет үчүн чечимдердин жогорку технологиялуулугун жана ыӊгайлуулугун белгилешти.

    MEGA маалыматтарга жана IT-коомчулугу менен өнөктөштүккө негизделген экосистеманы өнүктүрүү менен санариптик трансформациялоо идеяларын жигердүү жайылтууда. Компания иштеп чыгуучулар жана инноваторлор менен күчтөрдү бириктирүү менен Кыргызстан глобалдык амбициялары бар туруктуу санариптик экономиканы кура алат деп ишенет.


    Тектеш материалды окуу

    • MEGA келечекке кошулду: оператор KIT FORUM 2025тин өнөктөшү болуп калды

      29-30-майда Кыргызстандын борбору санариптик трансформациялардын очогуна айланды. Бул күндөрү Бишкекте KIT FORUM 2025 эл аралык форуму болуп өттү, ага 2000ден ашык адам катышты. MEGA мамлекеттик байланыш оператору иш-чаранын өнөктөшү катары чыгып, өлкөнүн санариптик келечегинде өзүнүн негизги ролун баса белгиледи
      2025-30-05 08:43:06