
Жарыяланган
2026-18-02, 16:32Президенттин администрациясында мекемелер аралык комиссиянын отуруму өттү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйын мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократияны азайтуу боюнча реформаларды мониторинг кылуу максатында өткөрүлдү.
Жыйында мамлекеттик башкаруу системасында жүрүп жаткан иштер талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө финансы министри Алмаз Бакетаев финансы тармагында процесстерди оптималдаштыруу, бюрократияны азайтуу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Министр реформаларды ишке ашыруу мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртууга өбөлгө болорун белгилеп өттү.
Жыйынтыгында комиссия мындан ары мониторинг жүргүзүүнү улантуу жана ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча кийинки кадамдарды белгиледи.
