Akchabarsearch
Минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салынды

Жарыяланган

2026-20-02, 10:44

Минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салынды

Өлкөдө ЕАЭБ бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Тыюу экспорттолууга тийиш болгон, мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана сапатына карата белгиленген талаптарга ылайык келбеген минералдык жер семирткичтерге карата колдонулбайт.

Мамлекеттик органдарга минералдык жер семирткичтердин айрым түрлөрүн мыйзамсыз алып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.


Тектеш материалды окуу