Akchabarsearch
Мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-27-08, 14:34

Мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт

Мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-сентябрында аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Быйыл январь-август айларында турак жай жана имараттардан 19.4 млн сом, ал эми короо-жай жана бакча участокторунан 12.5 млн сом салык чогултулган.

Авто эсептөө аркылуу 2 млн 377 миңден ашуун билдирүү салык төлөөчүлөрдүн электрондук кабинетине жөнөтүлгөн.

Эске салсак, жарандар 1-сентябрга чейин өздөрүнүн электрондук кабинетинен салыктын суммасын текшерип, төмөнкү салыктарды төлөшү керек:

– турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Төлөмдү QR-код же төлөм коду аркылуу жүргүзүүгө болот. Салыкты кечиктирген күндөр үчүн күнүнө 0,09% өлчөмүндө туум кошулат.

 


Тектеш материалды окуу