
Жарыяланган
2026-26-02, 11:19Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмашыруу жараяны 2026-жылдын аягына чейин уланат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Ош шаарындагы Унааларды каттоо борборунда жарандар менен сүйлөшүү учурунда билдирди.
Жыл аягына чейин убакыт бар экенин айткан Туманбаев жарандарды мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрүн шашпай алмаштырууга чакырды.
“Ошондуктан бир айдан кийин, эки айдан кийин, үч айдан кийин келсеңиз болот”, - деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жараяны быйыл январь айынын ортолорунда башталган. Жарандар ал күбөлүктөрүн медициналык маалымат көрсөтпөстөн, акысыз алмаштыра алат.
Аталган жараян аяктагандан кийин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жараксыз болуп калат.


