Akchabarsearch
Муфтият битир-садака берүүнүн өлчөмүн бекитти

Жарыяланган

2026-18-02, 17:43

Муфтият битир-садака берүүнүн өлчөмүн бекитти

Быйылкы жылдын битир-садаканын өлчөмү жана баалары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир мусулман адам битир-садаканы өз мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөндө көрсөтүлгөн азыктардын каалаган түрүнөн бере алат.

                      Буудай – 1,6 кг (60 сом)

                      Ун – 1,6 кг (90 сом)

                      Арпа – 3,2 кг (100 сом)

                      Мейиз – 1,6 кг (880 сом)

                      Курма – 3,2 кг (1200 сом)

Азык-түлүк бааларынын туруксуздугуна байланыштуу, битир-садака берилген учурда буудай, ун жана мейиз 1,6 кг, ал эми арпа жана курма 3,2 кг өлчөмүндө эсептелет.

Эске салсак, быйыл Орозо айы 19-февралда башталат.


Тектеш материалды окуу