Akchabarsearch
Мугалимдерге ноутбук сатып алууга 715 млн сом бөлүндү

Жарыяланган

2026-25-08, 11:42

Мугалимдерге ноутбук сатып алууга 715 млн сом бөлүндү

Быйыл мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга республикалык бюджеттен 715 млн сом бөлүндү. Ноутбуктарды жыл аягына чейин сатып алып, мугалимдерге жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жылда мугалимдерге 49 миң ноутбук берилген. Учурда Ислам банкынын долбоорунун алкагында да ноутбуктарды сатып алуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, министрлик билим берүү тармагын башкарууну санариптештирүү максатында АИС инфраструктура платформасын түзгөн. Анын жардамы менен райондук жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери ар бир билим берүү объектисинин абалы, оңдоп-түзөөгө болгон муктаждыктары тууралуу маалыматтарды киргизип турушат.

Билим берүү объектилерин оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражат да көбөйгөн. Мурда жылына 100 млн сом бөлүнсө, акыркы жылдары бул сумма 490 млн сомго чейин жеткен.

Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында өлкөдөгү бардык мектептер интернет менен камсыздалганы да белгиленди.
 


Тектеш материалды окуу