Akchabarsearch
Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын имаратын оңдоого 28.7 млн сом жумшалат

Жарыяланган

2026-08-07, 18:00

Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын имаратын оңдоого 28.7 млн сом жумшалат

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры имаратынын сырткы бөлүгүн оңдоого 28.7 млн сомдук тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Тендердик сунуштар  22-июлга чейин кабыл алынат.

Долбоорду ишке ашыра турган компания келишим түзүлгөндөн кийин иштерди 120 календардык күндүн ичинде бүтүрүшү керек.

Тендердин шарттарына ылайык, катышуучулар коомдук имараттарды капиталдык оңдоо боюнча кеминде 25 млн сомдук бир окшош долбоорду ишке ашырган тажрыйбага ээ болушу зарыл. 

Ошондой эле компанияда тиешелүү лицензиялар, курулуш техникасы жана квалификациялуу адистери болушу талап кылынат.

Аванстык төлөм каралган эмес. Аткарылган иштер үчүн төлөм объект толугу менен кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.
 


Тектеш материалды окуу