Akchabarsearch
«Манас» аэропортунун 1 млн 600 миң сомдук акциялары сатылды

Жарыяланган

2024-12-11, 16:35

«Манас» аэропортунун 1 млн 600 миң сомдук акциялары сатылды

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында “Манас” эл аралык аэропортунун акциялары менен беш бүтүм жасалды.

Анын натыйжасында “Манас” эл аралык аэропортунун 2 миң 261 акциясы сатылды. Бүтүмдөрдүн жалпы суммасы 1 миллион 643 миң 773 сомду түздү.

Акциялардын баасы бир акцияга 725 сомдон 749 сомго чейин өзгөрдү.


Тектеш материалды окуу