Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-30-10, 11:56

Ош базарында мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктер сакталган кампа табылды

Мамлекеттик салык кызматы Ош базарынын аймагынан мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктер сакталган кампаны аныктады.

Ведомстводон билдиришкендей, кампаны текшерүүнүн жыйынтыгында 5 миң 710 даана жасалма акциздик маркалары бар арак табылып, алынды.

Учурда бардык материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Эске салсак, акциздик маркалары жок 1 мин даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом, ал эми 1 миң даанадан ашык саткандар үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Салык кызматы ишкерлерди тамеки буюмдарын акциздик маркалары жок сатуудан баш тартууга жана продукцияларга акциздик маркалардын аныктыгын кылдат текшерүүгө чакырат.


Тектеш материалды окуу