
Жарыяланган
2025-17-03, 13:00Ысык-Көлдө гидроциклди пайдалануу эрежелери бекитилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Анда Ысык-Көлдө гидроцикл пайдаланууга жарым-жартылай тыюу салуу, пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизүү каралган.
Мыйзамды бузгандарга 15 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 20 миң сом айып салынат.
Көлдүн аймагында экологиялык эрежелерди сактоо менен атайын зоналарда, эс алуучулар топтолбогон жерлерде электр кыймылдаткычы бар гидроциклди, скутерди пайдаланууга уруксат берилет.



