Akchabarsearch
"Google’га салыктан" Кыргызстандын бюджетине 514.4 млн сом  түштү
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-07-05, 09:02

"Google’га салыктан" Кыргызстандын бюджетине 514.4 млн сом түштү

Быйыл 4 айда Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялар өлкө бюджетине 514.4 млн сом кошумча нарк салыгын же "Google’га салык" төлөдү. 

Аталган акчанын жарымына жакыны – 252.2 млн сому апрелде, январь-март айларында 261.9 млн сому түшкөн. 

Былтыр "Google’га салык" катары бюджетке 709.3 млн сом төлөнгөн болсо, быйыл 4 айда эле анын 70%ы чогулду. 

Эскерте кетсек, "Google’га салык" Кыргызстанда 2022-жылы киргизилген. Ал Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча таап, бирок салык төлөөчү катары катталбаган чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт.


Тектеш материалды окуу