Жыл башынан бери 27 миң салык төлөөчү патентти онлайн сатып алышты
Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 7 айында салык төлөөчүлөргө өзүнүн сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө 26 миң 999 патент берди. Ал эми, бул кызмат ишке киргенден баштап, башкача айтканда 2018-жылдын 1-октябрынан тартып салык төлөөчүлөр бул кызмат көрсөтүүнү 32 миң 547 жолу пайдаланган.
2019-26-08 03:00:41