Жарыяланган
2025-05-09, 17:22Транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)нын туруктуу өкүлү Нишигато Котаро менен биргеликте «Бишкек-Ош унаа жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруу» долбооруна даярдык көрүү боюнча талкуунун алгачкы протоколуна кол койду.
Долбоордун максаты — Бишкек-Ош унаа жолунун 315-чакырымындагы көпүрөнү куруу аркылуу транспорттук байланышты жакшыртып, коопсуз кыймылды камсыз кылуу.
Буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, 1974-жылы курулган көпүрө реконструкцияга муктаж экени аныкталган. Ошондон улам Транспорт министрлиги жаңы көпүрө куруу чечимин кабыл алган.
Министрлик аталган долбоорго даярдык көрүү боюнча отчеттун мазмуну менен таанышып чыкты.