Akchabarsearch
Нарында дыйкандарга 2% үстөк менен жеңилдетилген насыя берилет
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-09-12, 09:15

Нарында дыйкандарга 2% үстөк менен жеңилдетилген насыя берилет

Нарында облусунда фермерлер менен дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилет. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунун колдоосунда фермер, дыйкандар үчүн 2% үстөк менен 10 жылдык мөөнөткө насыя алуу менен ишкерлик кылууга жана ишкерлигин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Белгиленгендей, аталган фонддун талаптарына ылайык балык, эт, сүт, карагат, бал, чычырканак, сафлор жана тоют багыттарына артыкчылык берилет.

Облус башчысынын орун басары Адыл Сапаров Нарын жана Ат-Башы райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп, агробизнести жакшыртууга жана кирешени арттырууга мүмкүнчүлүк берген жаңы кредиттик программаны сунуштап, суроолорго жооп берди.

"Жолугушуунун катышуучулары аталган программаны облустун айыл чарбасына көрсөткөн чоң колдоо деп атап, бул жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын жана бизнесин кеңейтип, продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти", - деп айтылат маалыматта.


Тектеш материалды окуу