Жарыяланган
2025-23-10, 18:05Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында спорт комплекс курулуп баштады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Жаңы спорт комплекс “Адилет” паркында курулуп, жалпы аянты 2160 чарчы метр, 2 кабаттан турат. Комплекс административдик жана спорттук бөлүктөргө бөлүнүп, эки спорт залы, машыгуу бөлмөлөрү жана заманбап шарттар каралган.
Долбоорго 150 млн сом бөлүнөт.
Курулуш иштерин “Бай-Алим” ЖЧКсы аткарат. Азыр пайдубал куюу башталды. Объектти 2026-жылдын күзүндө пайдаланууга берүү пландалууда.