Akchabarsearch
Улуттук банк валюта рыногуна 55,1 млн доллар сатты

Жарыяланган

2024-25-10, 09:39

Улуттук банк валюта рыногуна 55,1 млн доллар сатты

Бир күн мурун, 24-октябрда Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна тескери интервенция менен чыкты. Бул жолу мекеме 55,1 миллион доллар сатты.

Анын ичинен Улуттук банк 28,5 миллион долларды бүтүм түзүлгөн күнгө эсептешүүлөр менен, дагы 26,6 миллион доллары бүтүм жасалган күндөн айырмаланган эсептешүүлөр менен сатты.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Улуттук банк 20 жолу валюталык интервенция жүргүзсө, анын 12си тескери интервенция болгон.


Тектеш материалды окуу