Жарыяланган
2024-11-09, 16:53Улуттук банк QR коддору аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий сайтында жарыяланды.
Эми өз ара аракеттенүү операторлоруна финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүү боюнча эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек деген талап коммерциялык банктарга колдонулбайт.
Мындай өзгөртүү 2019-жылы бекитилген эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелеринин 12-пунктунун экинчи абзацына киргизилүүдө.