Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-30-09, 17:44

Өлкө боюнча 10 райондук электр тармактарында акылдуу эсептегичтер орнотулду

Өлкө боюнча 10 райондук электр тармактарында акылдуу эсептегичтер орнотулду.

“Улуттук электр тармактары” ишканасынын маалыматына караганда, акылдуу эсептегичтер Каракол, Түп, Чолпон-Ата, Нарын, Кочкор, Тянь-Шань РЭСтери, Жалал-Абад жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу кызматы, Талас жана Үч-Коргон участогунда толук орнотулду.

Баткен шаарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу 50 пайызга аяктады. 

Жакын арада өлкөнүн бардык аймактарында 650 миң акылдуу эсептегич орнотуу боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалууда.


Тектеш материалды окуу