Akchabarsearch
Кыргызстандын беш университетине илимди жана инновацияны өнүктүрүүгө 19.5 млн доллар бөлүндү

Жарыяланган

2026-20-05, 09:58

Кыргызстандын беш университетине илимди жана инновацияны өнүктүрүүгө 19.5 млн доллар бөлүндү

Кыргызстандын беш ири университетине илимди жана инновацияны өнүктүрүүгө 19.5 млн доллар бөлүндү.Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

18-майда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Каржы министрлиги жана беш мамлекеттик университет «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында үч тараптуу субкредиттик келишимдерге кол коюшту.

Бул каражатка университеттерде Изилдөөлөр жана инновациялар борборлору түзүлүп, заманбап лабораториялар ачылып, жаңы жабдуулар сатылып алынат. Ошондой эле санариптик жана илимий инфраструктура өнүктүрүлөт.

Жалпы сумма 19 млн 551.9 миң долларды түзөт. Каражат төмөнкү окуу жайларга бөлүндү:

•    Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине — 3.2 млн доллар; 
•    К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине — 4.2 млн доллар; 
•    И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына — 4.325 млн доллар; 
•    И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине — 3.8269 млн доллар; 
•    Ош мамлекеттик университетине — 4 млн доллар. 

Ар бир университет өз багыты боюнча илимий иштерди жүргүзөт.

КУУ суу, азык-түлүк жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун изилдейт. Агрардык университет азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук боюнча жаңы технологияларды иштеп чыгат. Медакадемия биомедициналык изилдөөлөрдү жана дары-дармектерди сыноону өнүктүрөт. КМТУ жасалма интеллект, киберкоопсуздук жана санариптик технологиялар боюнча иш алып барат. ОшМУ онкологиялык ооруларды алдын алуу жана диагностикалоо багытында иштейт.

Министр Гульзат Исаматованын айтымында, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик университеттердин илимий инфраструктурасын өнүктүрүүгө түздөн-түз 19,5 млн доллардан ашык каражат бөлүнүүдө.

«Бул жөн гана каржылоо эмес, өлкөнүн илимий-технологиялык келечегине жасалган стратегиялык инвестиция», — деди ал.

Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каражатына ишке ашырылууда.

 


Тектеш материалды окуу