Akchabarsearch
Ноокат шаарында 107 млн сомго көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулууда

Жарыяланган

2026-03-07, 09:48

Ноокат шаарында 107 млн сомго көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулууда

Ноокат шаарында 107 млн сомго көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулууда
Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Мектептин тендердик баасы 107 миллион сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, имараттын жалпы аянты 1 миң 904 чарчы метрди түзүп, 4 блоктон турат. Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, анда эки кабаттуу окуу корпусу, ашкана, китепкана, жыйындар залы жана спорт зал жайгашат.

Аткарылган иштин бардык этабы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, курулушту «Авангард Сити» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
 


Тектеш материалды окуу